У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК издөө жарыялаган. Жогорку Кеңешке издөөдө жүргөн Шералы Абдылдаев депутат болуп келди


"Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутаттык мандат алган Шералы Абдылдаев бүгүн парламентте ант берди.

Ал партия лидери Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылгандан кийин ордуна депутат болуп келип жатат.
Шералы Абдылдаев 2010-жылдан кийин чоң кызматтарды ээлеп Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы, транспорт жана коммуникация министринин орун басары, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп иштеген.

2017-жылы УКМК тарабынан Абдылдаевге айып тагылып, издөө жаряланган. Ал "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болгону айтылган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Абдылдаевге баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими чыккан. Ал эми БШКдан анын иши 2017-жылы өзүнчө өндүрүшкө алынып, 2020-жылдын 12-октябрында шектүү оор илдетке чалдыкканына байланыштуу токтотулганын билдиришти.

Шайлоо комиссиясынын төрайымынын биринчи орун басары Абдыжапар Бекматов анын соттолгондугу жок болгон соң мандатты бербей коюуга эч кандай негиз жок экенин айтты. Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү ага мандат берүү токтомун колдогон.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter