У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектиктер “Ак Бата” партиясын тандашат!


Бишкек шаардык кеңешине “Ак Бата” партиясынан депутаттыкка талапкерлер күн сайын шайлоочулар менен жолугушуп жатышат. 
Өткөн жума күнү үгүт караваны Жумушчулар шаарчасынын, 5-кичирайондун, Панфилов, Абай жана Малдыбаев көчөлөрүнүн жашоочуларына чейин жетти. Бул жолугушуулардын бардыгына партиянын лидери Нариман Тюлеев катышып келет. 

Борбордун төрт районунда тең “Ак Бата” партиясын жана Нариман Тюлеевди жылуу тосуп алып жатышты. Партиянын мүчөлөрү шаардыктарды саясий партиянын программасы менен тааныштырып, аларды жүзөгө ашыруунун ар бир кадамы тууралуу айтып беришти. Партиянын программасы борбордун жашоочуларынын турмушун жакшыртуу ниетинде иштелип чыккан. 

-Мен шаарда туулуп өскөм. Эгемендүүлүк жылдарында жөнөкөй бишкектиктер жана борбордун өнүгүшү үчүн Нариман Ташболотовичтей көп иш жасаган бир дагы мэр эсимде жок. Анын тушунда биз, пенсионерлер, муниципалитеттен кошумча каражат ала баштадык. Бирок кийинки мэрлер аны индексация кыла алышкан жок, же каалашпады. Тюлеевдин тушунда Түштүк магистраль курулду, шаарда парктарды, гүлбактарды, фонтандарды оңдоп жаңырта башташты, себеби алар бир топ жылдан бери кургап турган. Тюлеев чындыгында эле Бишкек үчүн чын жүрөгү менен кам көрөт. Ал муну сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдеди», - деди чогулгандарга кайрылган 5-кичирайондун тургуну Айгүл Алиева.

Микрорайондун жаштары да өз демилгеси менен Нариман Тюлеевге кайрылышты. Жаштар шаарда балдар ойноп, машыга турган муниципалдык спорт комплекстерин көбүрөөк курууну сунушташты. Азыр көптөгөн ата-энелер балдарын жеке секцияларга жана ийримдерге жөнөтө албай жатышат, анткени ал жактагы баалар абдан кымбат,- дешти нааразы болгон жаштар.

-Бүгүнкү күндө балдар жана өспүрүмдөр өздөрү эле калып жатышат, аларды көзөмөлдөө кыйын, себеби ата-энелери эртеден кечке чейин иштешет. Негизи мындай болбошу керек. Биз балдарыбыз бизден жакшы болушун каалайбыз. Бул үчүн алар пайдалуу иштер менен алектениши керек, спорт бул ден-соолук гана эмес, тартип дагы », - деди бишкектик Бахтияр Омаркулов. 

Мындан тышкары, жаштар партия мүчөлөрүнө Нью-Йорктогу Борбордук парк сыяктуу борбордогу Ботаникалык бактын базасында шаардык паркты түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылышты.

Шаардыктар партия мүчөлөрү менен партиянын шайлоо платформасын гана талкуулабастан, өз аймагындагы көйгөйлөрдү да талкуулашты. Анын ичине короолорду жакшыртуу, көп кабаттуу үйлөрдүн ички курулуш инфраструктурасын калыбына келтирүү кирет. Ошондой эле шаардын көйгөйлөрү жөнүндө: коомдук транспорт, жашылдандыруу, жолдор жана тротуарлар, парктар жана калктын аялуу катмарын социалдык колдоо тууралуу айтышты. 

- Ушул көйгөйлөрдүн бардыгы мен үчүн жаңылык эмес. 2008-жылы биз аларды чечүүнү колго алганбыз, бирок убакыт жеткен жок.
Ал эми бүгүн шайлоого барардан мурун, биз программа иштеп чыктык, ал ишке ашса, бишкектиктер күн сайын дуушар болуп жаткан көйгөйлөр чечилет. Биз сөзүбүздү талаага таштабайбыз, күнү-түнү шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн иштейбиз. Эгерде шаардыктар “Ак Бата” партиясын, мени колдосо, анда бул иштердин натыйжасы 1,5 - 2 айда көрүнөрүнө кепилдик берем. Биз сиздер менен биргеликте жашообузду жакшыраак, коопсуз жана ыңгайлуу кыла турган реформаларды баштайбыз. Буларды биз дароо баштайбыз. 1,5 - 2 жылда Бишкек такыр башкача болот. Ага эң жашыл шаардын - Фрунзе шаарынын даңкын кайтарып берели. Менин колум ар бир короого жана үйгө жетет деп убада берем, - деди Нариман Тюлеев.  

Бишкектин төрт районунун жашоочулары партиянын программасын жана “Ак Бата” партиясын, анын лидери Нариман Тюлеевдин бардык демилгелерин толугу менен колдошту!


Буйрутма берүүчү: "Ак Бата" саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Абдымажимова (каттоодон өткөндүгүнө күбөлүк, №38, 22.02.2021-ж.). "Ак Бата" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү. 
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter