У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2016-жылы берген убадаларын унуткан Куванычбек Конгантиев уят-сыйытты жыйыштырып кайрадан депутаттыкты көксөгөнү кандай?





Баягы генерал Конгантиевдердин «бɵлтүрүгү» Куванычбек Конгантиев кайрадан Бишкек Шаардык Кеңештин депутаттыгына аттанды. 2016-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Шаардык Кеңештин депутаты болуп, «Кыргызстан» фракциясынын лидери катары иштемиш этип беш жылды ɵткɵрүп келди. Ошол 2016-жылы шайлоо алдында Бишкек шаарынын Ленин районунун жашоочулары менен жоолугушуп укмуштуудай убадаларды берген бул бала Конгантиев. Андан бери 5 жыл ɵттү. Ал убадаларды ɵзү унуткан болуш керек, бирок эл унута элек. Былтыр күздɵгү Жогорку Кеңештин шайлоосунда «Биримдик» партиясынын тизмеси менен катышкан. Бул «бала баатыр» шайлоо болсо эле катыша берет окшойт. Акча деген саман да. Белин оорутуп, колун жоорутуп таппагандан кийин атасы таап берген акча депутат болуп жүрɵ берген кимге жакпасын. Эми 11-апрель күнү ɵтɵ турган шайлоого НДПК деген партия менен катышып атыптыр Бишкек Шаардык Кеңешинин мандатын талашып. Тизмесинде баягы

«Биримдик» партиясы менен Жогорку Кеңешке аттанган Жусупбек Коргонбай уулу, Нуржан Тынымсейитова, Ленин районуна аким болуп олтуруп куурай башын сындырбаган Нурдин Тынаев дегендер жүрɵт. Бул Конгантиев кызматсыз жүрсɵ болбойбу?! Сɵзсүз эле депутат болуп жүршү керекпи? Кичине шайлоого аттанып атканда мурунку берген убадаларын бир эстеп койсо болмок! Куванычбек Камбаралиевич, айтыңызчы 2016-жылы берген убадаларыңыздын канча пайызын аткара алдыңыз? 5 жылдан бери кумга сиңген суудай жок болуп кетип эми кайра шайлоо алдында элге чыккандан сиз уялбасаңыз, биз уялып атабыз! Беш жыл бою Шаардык Кеңеште дептуат болуп эмне кыйраткан маселени чече алдыңыз?

Булак:Де-Факто


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter