У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-судья Эмилбек Мамытов качан мыйзам алдында жооп берет?..


 
                       Урматтуу Бакшы прокурор Курманкул Токторалыевич!
 
Дээрлик 5 жылга жакын мезгилден бери экс-судья Эмилбек Мамытовдун мени (Абдурасулов Р. М. жана менин ишкерликтеги өнөктөштөрүм Россиянын, Казакстандын жарандарын “алдап сызга отургузуп” компанияларыбызга, “мүлктөрүбүзгө” ээлик кылып алган кылмыш иши боюнча соттук териштирүү иштери аягына чыкпай келе жатат. Президент Атамбаевдин тушунда акыйкаттык таппадык. Кийинки президент Жээнбековдун мезгилинде дагы чындыкка жетпедик. Деги качан “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” Мамытовдун кылмыштуу ишине акыйкат баа берилет?
   

Сизге түшүнүктүү болуш үчүн окуянын маңызына кыскача токтолуп өтөйүн. 
Мен Абдурасулов Р.М.   Казакстандын жараны ишкерликтеги өнөктөшүм Архаров Э.Н. экөөбүз 2010-жылы «Транс Мониторинг Азия» аталышындагы логистика, жүк ташуу менен алектенген биргелешкен фирманы түптөгөнбүз. Башкы директор кылып экс-судья Мамытов Эмилбек Насиповичти дайындаганбыз. Ал кезде Эмилбек Мамытов ишиндеги кетирген каталык-кемчиликтери үчүн 2010-жылы кызматтан куулуп, ишсиз көчөдө жүргөн. Дал ошол иши жок, бош жүргөн Мамытовго 10 миң сом айлык коюп берип, «Транс Мониторинг Азия» компаниясына башкы директор кылып алганбыз. Кыргызда «бирөөнү сынагың келсе, колуна байлык менен бийлик бер» деп бекер жеринен айтылбаганына, Мамытовдун «боор ооруса боорго тепкен» ач көздүк жоругун көргөндө түшүндүк. 
   

Ал ортодо 2012-жылы мен Россиялык өнөктөшүм Куриленко В. Н. менен биргеликте   «Меридиан-Логистик»  компаниясын ачтык. Дал ушул «Меридиан-Логистик»  ишканасынын Россиянын жараны Куриленкого таандык 50 пайыздык үлүшүн Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдук тастыктоосунун негизинде тартып алат. Айгүл Кожомкулова Ысык-Ата районунун судьясы Курманов Ашыр Такишевичтин жубайы болот. Ошондуктан соттук иштерде Курмановдун дагы таасири тийип, иш создугуп жатышы да мүмкүн. 
   

Ошондой эле, экс-судья Мамытов алдамчылык жолдор менен Казакстандык жана Россиялык өнөктөштөрүм менен Бишкекке, ул. Осмонкула 113 менен Никитина 2 дарегине салган 4 кабаттуу эки офистик имараттарын да тартып алган. Башкача айтканда, экс-судья Мамытов Осмонкула 113 дарегиндегини бир офисти жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовнага, ал эми Никитина 2 дарегиндеги офисти өзүнө каттатып алган. Бул офистердин азыркы базар баасы ар бири 1 миллион доллардан турат. 
     

Айткандай, Мамытов «Оптима Банктан» ОсОО «Транс Мониторинг Азиянын» банк эсебинен 1 110 381 долларды чыгарып кеткени, жана 38 миӊ долларды өзүнүн банктык картасына уурулук жол аркылуу которуп алып, дайынсыз жоготкон. Мындай факты УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы дайындаган көзкарандысыз аудитордук текшерүүдө аныкталган.
УКМК мына ушул экс-судья Мамытовго байланышкан кылмыш ишти кылдат тергеп, 204-статья (Алдамчылык), 359-статьясы (документтерди жасоо), нотариус Кожомкуловага 235-статья (ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу), 359-статьясы (документтерди жасоо) боюнча айып такты. Башкы прокуратура ишти сотко жиберди. 


Натыйжада, Бишкек шаардык Свердлов райондук соту экс-судья Мамытовго байланышкан кылмыш ишин өндүрүшкө алып карап жатат. Тилекке каршы, сот бул ишке акыйкат баасын берип, бир канча жылдан бери адилеттик таппай келе жаткан көйгөйүбүздү мыйзам алкагында калыс карап, чечим чыгаргандын ордуна, соттук процесстерди экс-судья Мамытовдун ар кандай шылтоолорунун негизинде созушуп «карга карганын көзүн чукубайт» болгон көрүнүштөр токтобой жатат. 


Дегенибиз, экс-судья Мамытов жана нотариус Кожомкулованын ишин карап жаткан Свердлов районунун жаӊы дайындалган судьясы Кадыркулова А. ишти атайын созуп жатат. Ал түгүл 5-7–октябрдагы элдик толкундоолордон пайдаланып СИЗО-1 камакта отурган Мамытовду үй камагына чыгарып жиберди. Ал учурда Жогорку Сот соттук иштерди карабай туруу боюнча атайын токтом чыгарган. Кадыркулова ага баш ийген эмес. Кызмат абалынан, ызы-чуудан пайдаланганына караганда, Мамытовду үй камагына чыгаруу бекер болбосо керек. 


Себеп дегенде, Свердлов районунун сотунун төрагасы Шин Г.А Мамытовдун кылмыш ишин карап жаткан мурдагы судьядан ишти 7-октябрда күтүлбөгөн жерден Кадыркуловага өткөрүп берип жатат. Бул учурда элдик толкундоолор токтобой өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп турган маал эле. Ал эми Кадыркулова болсо иш менен толук таанышып отурбастан, отурум өткөрбөстөн дароо эле №1 СИЗОдо камакта отурган Мамытовду үй камагына чыгарып жиберди. Коррупция жыттанат бекен?
Бул аз келгенсип, судья А.Кадыркулова кылмыш ишин эч кандай негизсиз кайрадан соттук-бухгалтердик экспертизага жөнөтүп, айыпталуучу Мамымтовдун пайдасына чечим чыгарды. Буга чейин ушул сыяктуу экспертизалар тиешелүү органдар тарабынан үч жолу, анын ичинде УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын демилгеси менен жүргүзүлгөн. Бул факт судья А.Кадыркулованын айыпталуучу Мамытов менен А.Э.Кожомкулованын пайдасына козголгон кылмыш ишинин аягына чыгышына кызыкдар эмес экендигин айгинелеп турат десек жарашат. Көрсө, мага белгилүү болгондой, кылмышка шектелип жатышкан экс-судья Мамытовдун досу, нотариус Кожомкулованын күйөөсү судья Курманов менен Кадыркулова жакын санаалаштардан экен. Бекеринен мурдагы судьяны кылмыш ишин кароодон четтетишкен эмес тура. Бул деген коррупция эмеспи? 


Бул жагдайга карата Мамлекеттик айыптоочу өкүл, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокурорунун жардамчысы У.Ж.Тагаев, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 07.10.2020 жылдагы кабыл алынган сот актысынан кабардар болуп, жол берилген одоно мыйзам бузууларга ылайык эч кандай реакция кылган жок. Тактап айтканда, Тагаев айыптоону объективдүү колдоого, сот тарабынан бузулган тараптын укугун коргоого кызыкдар эместигин көргөздү. Мындай мамилеси менен кылмышка шектелип жактан айыпталуучуларга жардам берүүгө аракет кылып жатат. Ал түгүл Мамытводун «адвокаттынын» ролун аткарууда десек жарашат. 


Баса, экс-судья Мамытовду алдамчылык боюнча Казакстандык «Шынгар Транс» компаниясы Алматы шаардык сотуна берип 30 000 долларга,   дагы бир Казакстандык  «Блюс парк» компаниясы 40 000 долларга жакын доо коюп, утуп алышкан жагдайды эске алса ашыкча болбойт. Ошондой эле, дагы бир Казакстандык «Истком транс» компаниясы 80 000 доллар доо коюп сотко бергенин да белгилеп коюшубуз парз. Дегенибиз, экс-судьянын “көзбоёмоочулук” иштери эл аралык деңгээлде экени билинип жатат. Бул боюнча Бишкек шаардык ИИББде иш козголгон. 


Өкүнүчтүүсү, “алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей Мамытов Эмилбектин баласы Эмилбеков Мырзабек “Кыргыз темир жолу” ишканасына 6 292 842 сом зыян келтирген иш боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштери 2018- жылдан бери аягына чыкпай келе жатат. Ошондой эле, Жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовна бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга шектелүүдө. Ага Бишкек шаардык ИИББ иш козгогон. 

Дал ушул жерден белгилей кетчү жагдай, айыпталып жаткан Эмилбек Мамытовду сотто коргоп, жактап жаткан адвокаты Котик Н.М өзү да буга чейин “Алдамчылык” боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон экен. Башкача айтканда, 2004-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 166-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн айыпталган. Кызмат абалынан пайдаланып, бирөөнүн ишинимине кирүү аркылуу мүлкүн ээлеп алуу фактысына байланыштуу соттук териштирүүлөр Бишкек шаарынын сотунда 2013-жылга чейин созулган.


Ал эми экс-судья Мамытов менен кошо айыпталып жаткан нотариус Кожомкулова Айгүл дагы, мурда бирөөнүн машинасын, бирөөнүн квартирасын жасалма жол аркылуу башкаларга өткөрүп берген жоругу үчүн “документ жасалмалоо” боюнча алдамчылыкка шектелип, кылмыш иши козголгонун белгилеп коюшубуз керек. Тагыраак айтканда, Кожомкулова 2004-жылы Акматовдун макулдугусуз ага таандык батирди сатуу үчүн, Кенжекараевге ишеним кат берген. Турак-жай үчүнчү жактагы мыйзамдуу ээлеринин макулдугусуз сатылган. Мындан тышкары, 2005-жылы Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы № 51-04-396 кылмыш ишинин алкагында Кожомкуловага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 315 жана 315-беренелеринде каралган кызмат абалынан пайдаланып жасалма документ жасоо кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып тагылган. Көрсө, 2003-жылдын 18-августунда   Кожомкулова Россия Федерациясынын жараны Рыбин А. А таандык машинаны ээликтен ажыратуу укугу менен Шабралиевдин атына ишеним кат берген. Унаа мыйзамдуу ээлеринин макулдугусуз үчүнчү жактарга сатылган.  


Мына мен кеп кылып жаткан иште коррупциялык схема айдан ачык көрүнүп турат десем болот. Башкача айтканда, бул кызмат адамдары тиешелүү билимге ээ болушуп, атайын ыйгарым укуктарга ээ болуп туруп узак убакыттан бери юристтердин тобунан турган уюшкан кылмыштуу топ түзүп келишкен дегенге негиз бар.


Урматтуу Курманкул Токторалыевич, экс-судья Мамытовдун колунан Кыргызстандын эле эмес, Россиянын, Казакстандын дагы жарандары алданып, жабыр тартып отурушат. Инвесторлорго көлөкө түшүргөн жогоруда айткан иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгышын, экс-судья Эмилбек Мамытов мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баасын алышын өзүңүз көзөмөлгө алышыңызды өтүнөм. 

Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары мамлекетке зыян келтирген адамдарды гана кармайт.  Бирок мамлекетке салык төлөп, жумуш орундарын камсыз кылган жеке бизнеске зыян келтирген адамдарга чара көрбөй жатканы коомчулукта инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүдө.  Качан мамлекеттик укук коргоо органдары – сот, прокурорлордун жардамы менен бизнесин, мүлктөрүн тарттырып жиберген ишкерлердин укуктарын коргоп, сот мыйзамсыздыгын тизгиндешет?.. 

Абдурасулов Р.М  
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter