У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канат Сагынбаев: "Бийлик жубайым менен балдарымды үйдөн кууп чыгууда"


Бүгүн, 24-мартта Кой-Таш окуясы боюнча бир катар оор кылмыштарга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев ачык кайрылуу таратты. 

Анда, «кантип сындырыштын айласын таппаган бийликтин кошоматчылары, ак жеримден түрмөдө жатканым аз келгенсип, төрт баламды көчөгө кубалап чыгууну чечип, кызматтык батиримди «бир айдын ичинде бошотуп койгула» деп талап кылышууда!», -деп айтылат.

Ошондой эле, бийликтин мындай мыйзамсыз кадамдарга барып жатышын, мени сындыруу максатында катардагы моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү деп эсептей турганын белгилейт. 

Бул боюнча: «Мени сындыруу үчүн күч органдары тарабынан байма-бай эле коркутуу, кысуу жана соодалашуулар болуп келген. Эми айла-амалдары түгөнгөндө төрт баламды көчөгө кубалап чыгып, мага басым кылып, кысым көргөзөбүз деп ойлоп жатышат», - билдирген. 

Ырасында, учурда коронвирустун кесепетинен өлкөдө каранатин жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилип жатканда, үй-бүлөсүн жашап жаткан үйдөн чыгарабыз дегени адамгерчиликке жатпайт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter