У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакиевдин башкармасынын баш катырмасы

«Бир Бол» партиясынан мурду кулпунайдай кубулуп турган депутат бар, Алмазбек Акматов деген. Атагынан чатагы көп мындай адамдын парламентке келиши арсар экенин эл деле билет дечи. Бирок акча дегениң акча, акчанын күчү башка экен да. Акыйкат заман болсо мындай арты шакмар адамдардын орду башка жакта болмок да, ачыгын айтканда. Бакиевдин иш башкармалыгын башкарып жүрүп иниси Жанышка кандайча жагып калганын, анын аркасы менен эсеп палатасына барганын ал айтпаса да калк айтат.

Эсеп палатасында Жаныштын тапшырмасы менен нечендердин эсебин текшерип, эч нерсени көзүнө илбей эсирип кеткенин эмдигиче айткандар көп. «Бир Болдон» депутат болбосо алигиден башы чыкпай, көпчүлүктүн көзүнө урунбай жүрмөк, көнүмүш адатынча. Азырчы, азыр. Азыр Алмаз акең Алтынбек менен Асылбекке Жаныштай жармашып оокат кылып калган, оңолуп калган. Сауналардан чыкпай, саясатка катуу киришип алган. Ал ортодо анын Жаныштын жардамы менен топтогон байлыктары, базалары, базарлары жөнүндө маалыматтар чыгып баштады. Декларация жөнүндө кийинкиде кеп кылалы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter