У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Ганси» авиабазасынын обсервацияга даярдоодо мамлекетке 2, 5 млн. сом зыян келтирилген. Кызмат адамдары бөлүнгөн каражатты кымырып алышкан


 «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери коронавируска каршы күрөшүү учурунда «Ганси» авиабазасын обсервацияга даярдоодо  бөлүнгөн каражатты кымырып алышкан. Бул тууралуу Аскер прокуратурасынан билдиришти. 
 
 
Маалыматка ылайык, алар курулуш компаниялары менен сүйлөшүп алып, аткарылган иштердин баасын жогорулатып, мыйзамсыз актыларды түзгөндүктөн мамлекеттик казынага эки жарым млн. сом зыян келтирилген.
 
Учурда факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter