У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин дарыгеринин сабалышын иликтөөдө


 Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда дарыгердин сабалгандыгы фактысын каттады. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти. 
 
Сотко чейинки өндүрүш “Кызмат абалынан аша чабуу” беренеси боюнча башталгандыгы такталды. Тергөө иштерин Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат. Башкы прокуратура белгилегендей, тергөө иш-аракеттери бир дагы чиновникке карата эмес, токмоктоо фактысы боюнча жүрүп жатат.
 
Эскерте кетсек, мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясы учурунда «Альфа» атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президенттин дарыгерин сабап жаткан видеону таратышкан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter