У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пара талап кылууга шектелип, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары кармалды


 
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кызыл-Кыя шаарындагы мекемесинин башчысынын орун басары кармалды. Ал пара талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, февраль айында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинде жазасын өтөп жаткан жаран Н.Б., жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө өтүнүчү менен прокуратурага кайрылган. Анын айтымында, түзөтүү мекемесинин кызматкерлери эмгек келишимин түзгөндүгү үчүн 25 миң сом талап кылышат.
 
Факт Кылмыштар жана жооруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 
 
Мекеменин билдиргенине караганда, кызматкерлер үч жолу пара талап кылышып, акчаны бөлүп-бөлүп алышкан. Ар бир факт документтештирилген. Үчүнчү жолу, февраль айынын аягында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын инспектору 6 миң сом өлчөмүндөгү пара менен кармалган. Бул фактыга тиешеси бар деген шек менен Кызыл-Кыя шаарындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары дагы кармалган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter