У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Кыргыз менен казактай жакын эл жок". Кыргыз-казак президенттери эмне жөнүндө сүйлөштү?


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Казакстанга барды. Иш сапардын жүрүшүндө  өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирип, кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров КР делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин биринчилерден болуп Касым-Жомарт Токаевдин куттуктаганына токтолуп, боордош казак элинин колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин айтты.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter