У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан жана Өзбекстандан сатып алат


 
Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен жакынкы аралыкта электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине берген маегинде билдирди. 
 
Анын айтымында, эгер биздин Токтогул суу сактагычындагы абал азыркыдай эле багытта кетсе, анда ал авариялык абалга келет. Ошондуктан, Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо маселеси каралып жатат.
 
Казакстан Кыргызстанга 0,9-1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттоого даяр экендигин жарыялады.
 
«Биз Өзбекстан менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде сүйлөшүүлөр оӊ натыйжа бербесе, анда өлкөбүздү өз күчүбүз менен электр энергиясы менен камсыз кылышыбыз керек. Бирок суугат мезгилинде суунун тартыштыгы жаралат. Натыйжада, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөндөйт. Ошондуктан, биз энергияны импорттошубуз керек» деди Садыр Жапаров. 
 
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter