У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктады


Бүгүн, 23-февралда президент Садыр Жапаров Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Жолдош жоокерлер жана сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер! Жолдош генералдар! Согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери!
Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул майрам - жоокерлердин бардык муундарынын ажырагыс байланышын жана аскер салттарын уланткан нагыз элдик майрам.
Элибиз Мекенди коргоочулардын эрдиктерин эс-тутумунда аздектеп сактап келет.
Биз баарыбыз жеңиш кандай кыйынчылык менен келерин жакшы билебиз. Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарына туруштук беришти. Ооган согушунда интернационалдык милдеттерин бийик ар-намыс менен аткарышты. Баткендеги куралдуу кагылышта эрдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү.
Мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоонун өрнөгү катары кызмат кылат, армиянын аброюн жана аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө болот, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин каармандыгына сый-урмат көрсөтүү болуп саналат.
Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты салттарын татыктуу улантып келе жатышат. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүүдө. Алар Кыргыз өлкөсүнүн аскердик коопсуздугун камсыздоо милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарууда.
Урматтуу ардагерлер! Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо, жаш муунду мекенге кызмат кылууга тарбиялоодогу асыл ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.
Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамына мындан ары дагы күжүрмөн даярдыкты, кесипкөйлүктүн жана аскердик өнөрдүн өркүндөй беришин каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter