У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Максат ажы Токтомушев: "Көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми айта турган күндөр келиптир..."


Кечээ, 22-февралда интернетке муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы делген видео тараган.

Мурунку муфтий Максатбек Токтомушев бул видео тууралуу  билдирүү жасады.

"Ассаламу алейкум рахматуллохи ва баракатуху, Кыргыз элим. Сиздерге ушул кайрылууну жазууну туура көрдүм, окуп коёсуздар деп ишенем.
Буюрса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр.

Элибиздин тынччылыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күндөр келиптир. Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бир аз сабыр кылып туруңуздар сураныч. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз.

Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Аллах Таалам жүзүбүздү жарык кылсын жана жүрөктөрдү ыйманга толтурсун. Жай эс алыңыздар. Сиздерди колдойт деп ишенем", - деп жазылат Токтомушевдин кайрылуусунда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter