У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК кыргызстандык жарандар Тажикстанда барымтага алынды деген маалыматты четке кагууда


 
Кыргыз жарандарынын тажик күч түзүмдөрү тарабынан кармалышы жана алар барымтада экени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
«Бул маалымат чындыкка дал келбейт»,- деп айтылат билдирүүдө.
 
Атайын кызматтын маалымдашынча 16-февраль күнү Кыргызстандын беш жараны Тажикстандан 900 кг металлды, эки бодо малды, үч койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен тажик чек арачылары тарабынан кармалган.
 
Бул жарандарга карата тажик тарап тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter