У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышат


 
Кечээ, 18-февралда кайра камакка алынган Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары Бишкекте жана Ошто бүгүн митингге чыгышат. Бул тууралуу Элнура Алканова фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Бүгүн Матраимовго карата санкция болот, аны камакка алабыз деген маалымат бар. Биз, анын тарапкерлери, УКМКнын имаратына саат 14: 30да чогулуп жатабыз. Тынчтык жолу менен мыйзамдуулукту талап кылабыз. 
 
Матраимов 2 млрд. сом төлөдү. Ал тергөө менен кызматташат, өлкөдөн качкан эмес, жактоочуларын таштаган эмес, моралдык жоопкерчиликтен качкан эмес, бардык сурактарга жана сотторго өз убагында катышкан. Эч жакка качпай турган адамды кармашты! Бул мыйзамдуу башаламандык! Көчөдө үч жүздөй адам кыйкырса эле  адамды камакка алса, бул аябай жаман прецедент»,-деп жазды ал.

[video=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter