У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош ЖЭБинде коррупция аныкталды


 УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы коммерциялык кыймылсыз мүлк объекттерин Ош ЖЭБине мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
 
 Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жылуулук борбордун жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен жең ичинен келишип алып, жеке менчик мончолорго, спорт залдарга, медициналык клиникаларга жана көп кабаттуу турак үйлөргө, ири соода объектилерине жылуулук тутумун мыйзамсыз байланыштырган.
 
Ошол эле учурда, аталган коммерциялык объектилерден алынган акчаны ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери менен кымырып алышкан. Коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter