У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштү улантууга убада берди


 
«Эртеңден баштап жогорку даражалуу чиновниктердин камакка алынышы күтүлүүдө», -деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда. Анын айтымында, өлкө бийлиги коррупцияга каршы күрөштү уланта берет.
 
 
«Чиновниктердин эч кимиси мыйзамсыз жол менен акча табуу жөнүндө ойлонбошу да керек. Коррупция болбойт. Мамлекеттик кызматта байыган чиновниктердин камалышы күтүлүүдө. Албетте, мен коррупционерлер жана бандиттер менен унчукпай жашай алмакмын. Ошондо биздин коомдо эч нерсе өзгөрмөк эмес”, - деди Камчыбек Ташиев.
 
УКМКнын башчысы баткендиктерди коррупцияга каршы күрөшкө кошулууга жана пара алып жаткан чек арачылар менен бажы кызматкерлерин видеого тартууга чакырды. 
 
«Видеого тарткыла, фактыларды келтиргиле. Эгер бардыгы тастыкталса, аны токтоосуз кармайбыз», - деп кошумчалады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter