У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Марипов: Азык-түлүктүн баасы боюна абал татаал бойдон калууда


Бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналат. Бул туурасында премьер -министр Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.
 
«Бүгүнкү күндө активдүү талкууланып жаткан темалардын бири – бул азык-түлүктүн негизги түрүнө карата баалардын өсүүсү болууда.  Буга байланыштуу көптөгөн жарандар тигил, же бул азык-түлүктөрдү алуудан баш тартууга аргасыз болууда. Бул маселе Өкмөттүн деңгээлинде бир нече ирет талкууланып, кандайдыр-бир чечимдер кабыл алынган. Бирок абал татаал бойдон калууда, күн сайын этке, өсүмдүк майына, жумурткага жана башка товарларга карата баалар өсүүдө. COVID-19 пандемиясы өз таасирин тийгизип жаткандыгы түшүнүктүү, бирок актануудан ишке өтүү керек. Комплекстүү чечимдерди, превентивдүү чараларды, кабыл алып, баалардын өсүшүнө ыйчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу зарыл», - деди Улукбек Марипов.
 
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 4 айда өсүмдүк майы 33 сомго жогорулаган жана бүгүнкү күндө чекене баа боюнча майдын 1 литри 134 сом турат. Бир кг эттин баасы орточо алганда 435 сомго дейре жогорулап, бул 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 124 сомго жогору дегенди билдирет


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter