У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Кыргыз Үмүтү» Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратууну талап кылууда


 
2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардын катышуучулары «Кыргыз Үмүтү» коомдук бирикмесин түзүп, Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратууну талап кылышууда. Бул тууралуу маалымат каражаттарына уюмдун өкүлү Дастан Эсенбеков билдирди.
 
Анын айтымында, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо массалык мыйзам бузууларды Жээнбековдун иш-аракеттери себеп болгон. Ошондой эле, ал укук коргоо органдарына тынч митингге чыккандарга каршы атайын каражаттарды колдонуу боюнча буйрук берген.
 
«Керек болсо, Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуугана жана жоопкерчиликке тартуу боюнча кол топтойбуз. Бул талапты биз буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаровго жана парламент төрагасы Талант Мамытовго жолдогонбуз. Сооронбай Жээнбеков жоопко тартылышы керек», - деди Дастан Эсенбеков.
 
Ошондой эле ал октябрь окуясына объективдүү тарыхый жана укуктук баа берилиши керектигин кошумчалады.
 
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү Бишкектеги башаламандык учурунда миӊден ашуун адам жаракат алган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter