У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеңештин фракция лидерлери...


 Учурдагы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарына карата коомдо сын пикирлер абдан көп. Бул чакырылыштын депутаттары өз милдеттерин аткара алышпай, Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун, Садыр Жапаровдун кол жоолугуна айланышып, кадыры калган жок. Ал түгүл "чимкирик" аталышты. Мөөнөттөрүн мыйзамсыз узартып алышты дешип эл жек көрүп, наалат айтышууда. 
 
Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 6 фракциясынын лидерлери көбү өздөрүнүн милдеттерин аткарууда жалтаңдык, чабалдык кылышты. Мындай абал өз кезегинде Жогорку Кеңештин аброюна көлөкө түшүрүп, парламент өз милдетин аткарууда алсыздык кылып, президенттин көзүн караган шалга айландырды. 
 
Мына КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркуловду алалы. Өмүркулов кезинде Атамбаевди аталап чачпагын көтөрө чуркап жүрдү. Кызматтан кетээри менен 180 градуска өзгөрүп, Атамбаевди сатып Сооронбай Жээнбековду "аталап" калды. Жээнбеков 5-октябрдагы толкундоолордон кийин бийликтен кеткенде, Садыр Жапаровго ооду. Лидер дегендин кейпи бул болсо анан кантип Жогорку Кеңештин кадыры кетпейт.

 
Парламентте 28 депутаты бар Республика-Ата-Журт фракциясында үч жолу лидер алмашты. Ич ара пикир келишпестиктер болду. Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев ортосундагы тымызын конфликт лидер талашууга чейин жеткендиги айтылып келе жатат. Учурдагы фракция  лидери Мирлан Жээнчороев Бабановдун ишенимдүү кадрларынын бири. Айтканын көнөт, айдаган жагына басат. Өз алдынча  эч кандай маселе  чече албайт. Ошондуктан, аны азырынча лидер деп айтууга  эртерээк. 

 
Кыргызстан фракциясы дагы ич ара кагылышууларга учурап, Канат Исаев жана Шаршенбек Абдыкеримов ортосундагы таасир талаш токтобой келе жатат. Канат Исаев лидерлик сапатка  ээ болгону менен коомчулуктун купулуна толо элек. Муну жыл башындагы президенттик шайлоо даана көрсөттү. Балким, келечекте төрт тарабы төп келген, түндүк түштүктүн колдоосуна ээ болгон саясатчы болор.  

 
Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында беш жыл ичинде бир да жолу лидер алмашкан жок. Өз позициясын туруктуу кармады. Кезинде Атамбаевдин ташы жогору кулап, ооматы артып турганда Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыгып, бийликтин каарына калды. Бирок жалтаңдап позициясын өзгөрткөн жок. Президенттик шайлоодо бийликтин мураскору Жээнбековго каршы шайлоого аттанып, кийин Бабановдун талапкерлигин колдоп Атамбаевдин ачуу сынын жакшы эле укту. Сынган жок. Лидер катары өз позициясын бекем кармап келе жаткан, таза саясатчылардын бири. 

 
Жогорку Кеңештеги узак тарыхы  бар   Ата Мекени фракциясында үч жолу   лидер алмашты. Ошентсе да Жогорку Кеңештеги чачырабай бир муштум болгон фракция болду. Текебаев камалганга чейин, "Ата Мекен" парламентте салмактуу орунду ээлеп, саясий талкулаарда чечүүчү ролдо турду. Кийин Шыкмаматов болду. Ал деле фракция лидеринин жоопкерчилигин татыктуу аткарды. Анан эле Айсулуу Мамашова фракция лидерлигине кантип тандалды. Арийне бүгүнкү күнгө чейин кайсы эмгеги үчүн деген суроолор абдан көп. Бирок, кыраакы саясатчы Өмүрбек Текебаев анын саясий карьерасына   эмес, материалдык артыкчылыгына маани бергендир. 
 
Бир-Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановго буга чейин көп сындар айтылып келсе,  акыркы убактарда коомчулуктун пикири өзгөрүлдү. Анткени, Сулайманов беш жылда фракциянын лилдери катары мыкты иштеди. Эч ким  менен конфликтке барган жок. Ар дайым нейтралдуу позицияны карманды. 

 
Чындыгында, Жогорку Кеңештин аброю,  жоопкерчилиги депутаттарга эле эмес, андагы фракция лидерлерине да көз каранды десек жарашат. Фракция лидеринин позициясы туруктуу болуп, акыйкатты жактап, элдин үнү менен эсептешип кошоматтан алыс болсо, президенттин депутаттарды чүлүктөп алышы кыйын болмок.

Жаркынай Кадыркулова
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter