У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК кримтөбөл Кадырбек Досоновдун жактоочусунун үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү боюна маалымат берди


 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Ош шаарындагы жактоочу Назгүл Сүйүнбаеванын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына ылайык, бардык тергөө иш-чаралары соттун санкциясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-процесстик мыйзамдарынын чегинде катуу жүргүзүлгөн.
 
Эскерте кетсек, адвокат Назгүл Сүйүнбаева «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет Кадырбек Досоновдун кызыкчылыгын коргойт. 10-февралда анын Оштогу үйү тинтүүгө алынган. Жактоочунун айтымында, УКМК кызматкерлеринин мындай аракеттери мыйзамсыз, анткени адвокаттын үйүндө тинтүү ага кылмыш иши козголгон учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter