У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Максат ажы Токтомушев: "Муфтий Түркияга качып кетиптир деп жатышат, мен Бишкекте элемин"


Учурда үй камагына чыккан мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

"Муфтий чет мамлекетке качып кетиптир, Түркияга качып кетиптир деген сөздөр чыгып жатат. Кудайдан корколу жана дагы кудайга чакырам. Эгер биз ушинтип бузула берсек, кантип мамлекет оңолот. Мен Бишкектемин, бала- -чака үй-бүлөм менен. Азыр телефон албайм. Телефонду алып жооп бере бергенде кандай деген заман кетип жатат. Телефонду албай койгондун мааниси ал асманга учуп кетиптир деген эмес да. Ынтымакка келели. Азыр өлкө чоң оор убакытты баштан өткөрүп жатат. Жакында эле инаугурация болду, азыр бизди баары карап турат. Ар кимибиз ар жакка тарта берсек, эгемендиктен эмне калат. Дос болобу, бири бирибизге жардам берели. Эгер дос боло албасак, анда думшман болбойлу, жакшылык каалай албасак, жамандык айтпайлы. Мактай албайбызбы, жамандабайлы, уят болбойлу. Баарыңыздарга чоң рахмат", - деп айтылат билдирүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter