У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Марипов: "Үй-бүлөлүк зомбулук жашырылбашы керек"


Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2020-жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу милдеттерин талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынга катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда өкмөт башчы үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө маселесине да өзгөчө токтолгон:

"Зомбулуктун ар кандай фактылары – адам укугунун негиздерине каршы келген кылмыш. Өнүккөн коомдо мындайга жол берилбеши керек. Зомбулуктун ар түрдүү фактылары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук да укук коргоо органдарынын көңүлүнөн четте калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши катары кабылданбашы зарыл. Мындай фактылар жашырылбастан, коомчулук мындай көрүнүштөрдү жектөө менен кабылдашы тийиш",- деп белгилеген Марипов.

Жыйынтыгында премьер-министр Улукбек Марипов ички иштер органдарынын кызматкерлери калктын коопсуздугун жана укук тартибин камсыздоодо натыйжалуу жана акыйкат иш алып баруу менен милиция органдарына карай ишеним деңгээлин жогорулатуу үстүндө күн сайын иш алып баруусу керектигин баса белгиледи",- деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter