У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тилек Токтогазиев: «Матраимов камалышы керек»


 Бул тууралуу Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 
 
«Принципиалдуу позиция.
Мага - "министр болуп жүргөндө эмнеге өзүңдүн позицияңды айтпай жүрдүң эле, үнүңдү чыгарбай жүрдүң эле" - деп сын айткандарга жооп:

2020 жылдын 18 ноябрда министр болуп турганда, конституциянын жаңы редакциясынын кемчиликтерин ачык эле айтып чыккам. Ага каршы болгом. Өкмөттүн мүчөсү катары, кызматка карманбай, жумуштан кетүүгө даяр болуп, принципиалдуу позициямды билдиргем. Командабыз менен биргеликте бул чечимди кабыл алганбыз.

Бул билдирүүнү жазаганда, мени өкмөткө чакырышкан. Өкмөт мүчөлөрү саясий чечимдерге кийлигишпеш керек дешти эле. Анда - "Иштерибиз туура эмес болуп баратса, мен бетке эле айтам. Интригаларга аралашпайм. Бул менин принципиалдуу позициям." - деп жооп бергем.

Матраимов боюнча сот чечими бүгүн гана чыкты. Матраимов камалыш керек. Уурулар түрмөдө отуруш керек. 
Бул дагы принципиалдуу позиция»,-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter