У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Урматтуу Садыр Нургожоевич, мамлекетке 6 292 842 сом зыян келтирген Эмилбеков Мырзабекке чара көрүлөбү?

 
Азыр коомчулук жаңы шайланган Садыр Жапаровго терең ишеним артып турат. Коррупцияны жеңет, мамлекетти өнүктүрөт деген үмүт чоң. 
 
Мыйзамдын укуругу узун. Ырасында, учурда колу туткак, алкымы чоң коррупционерлердин бир тобу камалып жатат. Кимдин коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу мандемдүү иштери болсо, ичип-жеген шылуундар эртедир-кечтир мыйзам алдында жооп бере турганы айкын боло баштады. Тилекке каршы, коррупция менен күрөш айрым адамдарды кыйгап өтүп жатканы өкүндүрөт. Дегенибиз, мамлекетке ири зыян алып келген Эмилбеков Мырзабекке келгенде эле мыйзам буйлаланган төөгө айланып, иштебей калып жатканы таң калтырат. 
 
Алсак, Эмилбеков Мырзабек “Кыргыз темир жолу” ишканасына 6 292 842 сом зыян келтирген иш боюнча Башкы прокуратура 2018-жылы кылмыш ишин козгогон. Бүгүнүкү күнгө чейин тергөө иштери бүтпөй, «Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп, иш жылбай жатат. 
 
Учурда ишти Финполция карап жатат. Тилекке каршы, жыйынтык жок. Тергөө иши создугуп, майнап чыга элек. Эмилбеков Мырзабектин мамлекетке зыян келтиргени боюнча кылмыш иши ачылып, тергелип баштаганына дээрлик 3 жылга аяк басты. Бүгүнкү күнгө чейин тергөө бүтпөй жатканы ойлонтпой койбойт. 
 
Арийне, Эмилбеков Мырзабек жакында эле Свердлов райондук соту тарабынан 204-статья (Алдамчылык), 359-статьясы (документтерди жасоо) боюнча шектелип, сотто суралып жаткан Аламедин райондук сотунун мурдагы судьясы Эмилбек Мамытовдун баласы болот. Көрсө, “алма сабагынан алыс түшпөйт” деген ырас тура. Эмилбек Мамытов козголгон кылмыш ишине ылайык СИЗО-1ге камалып, бирок 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон пайдаланып мыйзамсыз үй камагына чыгып кеткен.
 
Дегенибиз, эмне себептен 3 жылдан бери мамлекетке зыян келтирген кылмыш иши аягына чыкпай создугуп жатат деген суроо туулат. Бул Эмилбеков Мырзабекке байланышкан кылмыш ишин УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы да иликтеп, 6 292 842 сом зыян келтиргенин фактыны аныктаган. Тергөөчү өзүнүн иликтөө иштерин жүргүзгөн аныктамасында Эмилбеков Мырзабек “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасына 6 292 842 сом ири өлчөмдө зыян келтиргенин баса белгилейт. Ал түгүл келтирилген зыяндын аныктыгы Эсеп палатасынын 2019-жылдын 19-мартындагы актысында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкерлеринин берген көрсөтмөлөрү да тастыктап турат.  
 
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиз 12-ноябрда маалымат каражаттарына пресс-конференция бергенде дал ушул маселе боюнча суроо берген элем. Сиз “жазып алдым, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берем, жообун маалымат каражаттары аркылуу аласыздар”,  - деген элеңиз.
 
Мына андан бери дээрлик 3 айга жакындап бара жатат. Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Сиз расмий өлкө башчысы катары ант берип кызматыңызга кириштиңиз. Азыр дагы кеч эмес. Бул маселеге көңүл буруп, ак же көк деп жооп беришиңизди күтөм.  
 
Алмаз Темирбек уулу
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter