У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


612 800 сом зыян келтирген. Депутат Мирлан Бакировдун тууганы кармалды


Кыргыз жылуулук коммуналдык энерго" мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата шаардык филиалынын жетекчиси Төлөн Бакиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттик акчаны өзүнө ыйгарып алган деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ал Жалал-Абад шаарында Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципиалдык ишканасын жетектеп турганда көчөт сатып алуу махинациясынан бюджетке 612 800 сом зыян келтирген.

"2020-жылдын март айында "туя колоновидная" сортундагы бир көчөттү 2600 сомдон сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Муниципалдык ишкананын тендердик комиссиясы тарабынан арзаныраак баа сунуштаган жеке компания жеңүүчү деп табылган. Бирок ишкана жетекчилиги жең ичинен сүйлөшүп, бир даанасы 742 сом турган башка сорттогу көчөттү алып келген", — деп айтылат маалыматта


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter