У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акин Токталиев: Мен Садыр Жапаровго атасындай болдум. Ал коррупционерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн мени жумуштан кетирди


 Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиев Vesti.kg сайтына берген маегинде президент аны коррупционерлердин иштерине тоскоолдук жаратканы үчүн кызматтан алып салганын айтты. 
 
«Садыр Жапаровдун мени кызматтан алуу боюнча жарлыгы мени гана эмес, президенттин жакындарынын өзүлөрүн да таң калтырды. Менимче, бул жерде коррупция жеңди, анткени мен бул кызматта муфтиятка коррупциянын жайылып кетишине мүмкүнчүлүк берген жокмун»-деди ал. 
 
Ошондой эле Токталиев инаугурациянын алдында Садыр Жапаровдун жардамчысы Арзыбек Бурканов ага келип муфтий Максат ажы Токтомушевди инаугурацияга чейин кызматтан кетирүү керектигин, бул президенттин тапшырмасы экенин айтканын кошумчалады. 
 
«Бурканов мага келип, Максат ажы Токтомушевди кызматтан кетирүү керектигин айтты.  Мен буга укугум жок жана мыйзамдын чегинде гана иш алып барам дедим. Токтомушевге чалып, буйрук жөнүндө айттым, ал мыйзам боюнча гана кызматтан кетем деп жооп берди. Бирок 25-январда Садыр Жапаров биздин муфтиятка келип, бир дагы өкмөт муфтияттын саясатына кийлигише албай турганын, Буркановго кадрдык өзгөрүүлөр туурасында эч кандай көрсөтмө бербегенин айтып рушту», -деп билдирди Токталиев. 
 
 
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жаӊы жетекчи болуп шайлаган Медер Карабаев Акин Токталиевге коррупциялык схеманын катышуучусу болууну сунуш кылганын, Токталиев ал сунуштан баш тартканы үчүн кызматтан алынганын белгилеп:
 
«Коррупцияга каршы болгонум үчүн мени кызматтан алып салышты деп ойлойм. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы жетекчиси Медер Карабаев өзү дагы башка милиция кызматкерлери менен кошо ошол эле "иш" боюнча мага келди, бирок мен аларга муфтиятка кийлигишпегиле дедим. Мага кайрымдуулук уюмдарына канча акча кетип жаткандыгы жөнүндө маалыматы бар банктан справка алып келебиз дешти. Мен аларга уюмдарды экстремизмге текшерүү үчүн күбөлүк беришим керек болчу. Карабаев уюмдарды текшерип, андан акча жасап, жан багабыз деп ырастаган. Мен баш тарттым»,-дейт Токталиев. 
 
Акин Токталиев 10 жыл бою Садыр Жапаровдун жактоочусу болуп, ал менен бирге отко-сууга түшүүгө даяр болгонун, анын түрмөдөн чыгуусун күткөнүн баса белгиледи. 
 
«Мен Садыр Жапаров атасындай болдум. Анын үй-бүлөсү атасы да, апасы да жок экенин айтышып, аларга ата болушумду суранышкан. Менин командам толугу менен президентти түрмөдөн чыгаруу үчүн иштешти, бирок эч кимиси эч кандай кызматка барган жок. Азыр анын командасы жок. Азыр анын тегерегинде учурунда андан качып кеткен адамдар жүрөт. Бирок эми алар жалаң гана кошоматчылык менен алектенишет. Жапаров бизди өзүнүн жанына алып барган жок, анткени биз ачуу чындыкты беткеайтабыз. Мен бул кызматка эч канчан кызыкдар болгон эмесмин, Садыр Жапаров өзү суранган»-деп айтты ал. 
 
Мындан кийин Токталиев юридикалык ишмердүүлүгүн уланта турганын, мусулмандардын жана саясатчылардын укугун коргорун, эч бир кимдин саясатын колдобой турганын билдирген. 
 
VESTI.KG Мирайым Алмаспек кызы
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter