У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан кыргыз саясатчыларын чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырат


 Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын айрым саясатчыларынын Төрткүл суу сактагычынын башаты Тажикстанга өткөрүп берүү жөнүндө болжолдуу билдирүүлөрү боюнча акыркы билдирүүлөрүнө көңүл буруп, тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси жүрүп жаткандыгын белгилейт. 
 
Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Кыргызстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
 
«Жогорку Кеңештин депутаты Төрткүл суу сактагычынын башаты Тажикстанга өтүп кеткени тууралуу айтканын, эл аралык укук нормалары боюнча ал тилке делимитация боло элек деп эсептелерин жана бүгүнкү күндө кайсы бир талаш жерди өткөрүп берүү тууралуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес», -деп билдирет.
 
Министрлик коңшу өлкөнүн саясатчыларын тажик-кыргыз чек арасы жөнүндө билдирүүлөргө өтө этияттык менен мамиле кылууга чакырат, анткени текшерилбеген маалыматтарды жайылтуу эки боордош мамлекеттин чек ара аймактарындагы кырдаалды туруксуздаштырышы мүмкүн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter