У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бирөөнүн жерине мыйзамсыз үй салып алган Бакыт Кудайбергенов кантип мэр болуп иштейт?

Мэриянын жер пайдалануу жана курулуш бөлүмү Чүй облусунун экс-губернатору Бакыт Кудайбергеновдун жубайын үйүн бузууга милдеттендирүү боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу мурдагы кызмат адамын жер тилкеси боюнча сотко берүүгө аргасыз болгон Бишкек шаарынын тургуну Марат Акматалиев Kaktus.media сайтына билдирген.
 
Эскерте кетсек, Акматалиев жер тилкесин сатып алып, үй куруу үчүн каражат чогулта баштаган. Ал беш үй-бүлөгө турак жай курмакчы болгондо, анын жер тилекесинин бир бөлүгүнө мурунку чиновник - өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Кудайбергенов жана анын жубайы Динара Доконова мыйзамсыз үй куруп алышканы аныкталган. 
 
Ошондой эле Акматалиевдин дагы бир кошунасы, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин кызматкери Рыскул Боронбаев өзүнүн үйлөрүн төрт участокко куруп, Акматалиевдин жер тилкесине да кирип кеткен.  Мындай мыйзам бузуулардан кийин Акматалиев арыз менен тиешелүү органдарга кайрыла баштаган. 
 
Ишти көзөмөлгө алган прокуратура Акматалиевдин жүйөлөрүн тастыктады. Көзөмөлдөөчү органдын айтымында, мурунку губернатордун жубайы жана Маданият министрлигинин кызматкери уруксаты жок үйлөрдү тургузушкан, ал эми мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзам бузуу 2017-жылдын декабрь айында аныкталса дагы, эч кандай чара көргөн эмес. 
 
Тараптардын ортосундагы соттук териштирүүлөр бир жылга созулган. Соттук отурумдар ар кандай шылтоолордн негизинде жылдырылып келген. 
 
Мэрия мурунку губернатордун үй-бүлөсүн үйдү бузууга милдеттендирүү үчүн сотко кайрылган.
 
Кактус медиа, 2019-жыл 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter