У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курсан Асанов соттун чечими менен УКМКнын абагына которулат


 Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов УКМКнын абагына которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
 
 Анын айтымында, өтүнүч прокуратура тарабынан берилген. Бүгүн сот тиешелүү чечим чыгарды. 
 
Биринчи май райондук соту Курсан Асанов 21-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ага массалык башаламандык жана Ички иштер министрлигинин имаратын басып алуу боюнча айып тагылууда. Ошондой эле Асановго КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча дагы бир айып тагылды.
 
Эске салсак, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген. Бул ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязов айыпталууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter