У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зулушев: «Сотко күбө катары келбей коюуга эч кимдин укугу жок. Экс-президент күбө катары сотко барышы керек»


Сотко күбө катары чакырылгандан кийин барбай коюуга эч кимдин укугу жок. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылышы боюнча түшүндүрмө берип жатып билдирди.
 
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбековдун көрсөтмөлөрү сотко маанилүү болсо, ал сотко барышы керек. 
 
 «Сотко күбө катары катышуудан эч ким баш тарта албайт. Экс-президент күбө катары сотко келиши керек. Эгерде ага айып тагылып жатса, анда бул башка маселе», - деди ал.
 
Буга чейин Сооронбай Жээнбековдун адвокаты журналисттерге экс-президенттин сотко келбей тургандыгын билдирген. 
 
«Бул ишке экс-президенттин тиешеси жок, ал бул иште фигурант эмес. Ошондуктан сотко келүүнүн кажети жок», - деди Жыргал Бабаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter