У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тилек Токтогазиев: "Президенттин чечимин сыйлайм, жаңы министрге ийгилик каалайм"


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев 100 күндүн ичинде жасаган иштери тууралуу маалымат жыйын берип, президенттин чечимин сыйлаарын, жаңы министр менен кызматташып жүргөнүн айтты:

"Бул саясий чечим, эми кандай болот аны убакыт көрсөтөт. Мен Аскар Жээнбеков байкебизди тааныйм. Ал киши дагы биз башкарып кеткен реформаны улантып кетет деген үмүттөмүн. Ал киши биздин команданын өнөктөшү катары иштешип калдык. Документтерди, биз аткарган ишти толугу менен өткөрүп бергенге даярбыз. Президенттин чечимин дагы сыйлай билиш керек. Мен жаңы министрге ийгилик гана каалайм, иштешүүгө даярмын.
Айыл чарба министрлиги боюнча алардын бекиткен программасы туура деп эсептейм. Мисалы башка министрликтер биригип кеткенин байкап жатабыз. Ал эми дал ушул айыл чарба министрлигинин кеңейтилиши бул жакшы нерсе. Мен биз дагы салым коштук деп ойлойм", - деди ал.

Ошондой эле ал мындан ары эмне менен алек боло турган планын айтып, үй-бүлөгө убакыт бөлүүгө, убактысын балдары менен эс алууга арнай турганын кошумчалады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter