У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдүн аксакалдары Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Ысык-Көл облусунун аксакалдары Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Аксакалдардын бири Кыргызстандын премьер-министри кызматына сунушталып жаткан Улукбек Мариповду дайындоо туура эмес кадам болду деп эсептейт. Ошондой эле анын туугандарынын карапайым балдарды кордоп, кулчулукка алып барып иштетип келгенине да өлкө башчысы көңүл буруп койсо деген оюн билдирди.

"Эл сизге зор үмүтүн артып шайлап, референдумду да өткөрүп бердик. Ошончо элди каратып туруп арты таза эмес адамды өкмөт башчылыкка дайындоо чечимине келгениңиз калпыстык болуп калды" дейт ал. 

Мындан сырткары 6-октябрда бүткүл элди ойготкон Сыймык Жапыкеевдин эмгеги тебеленип калганына да нааразы экенин кошумчалады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter