У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: ""Мен революция жасагам, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс бололу"


Бүгүн, 2-февралда өкмөттүн жаңы курамы жарыялангандан кийин Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады. Президенттин маалыматына ылайык, мурун кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. "Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою отурушум керек, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир. Экинчиси, кадр саясаты боюнча, “Бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу” деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз, аны башка планетадан издешибиз керек болот.

 Үчүнчүсү, баланча министрликке, Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы, сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.
Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары “бөдөнөнү сойсо да касапчы соет”. Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат. 
Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министрликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргыз өлкөсү үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.
Ар бир чечимди “жети өлчөп, бир кесип жатабыз”.
Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли” – деп айтылат Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter