У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырышты


Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамын түзүү маселеси каралды. Анда өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып,  депутаттар тарабынан бир катар суроолор берилип, жыйынтыгында көпчүлүк коалициянын депутаттары анын талапкерлигин жактырды.

Улукбек Мариповдун өмүр баяны:
Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ош шаарындагы техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча билимин тереңдеткен.
Билген тилдери:
Кыргыз, орус, англис
Эмгек жолу:
  • 1997-2001 — "Кызыл Кетмен" дыйкан чарбасынын жетекчиси.
  • 2001-2002 — Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.
  • 2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.
  • 2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.
  • 2005-2006 — Жогорку Кеңештеги депутаттын консультанты.
  • 2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперт.
  • 2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.
  • 2010-жыл — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.
  • 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.
  • 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы.
2015-жылы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Ал 2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келген.
Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.
Эске сала кетсек, Мариповдун бир тууган иниси Бактыбек Марипов өткөн жылы ноябрда Ноокат районуна аким болуп дайындалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter