У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: "Мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, маселе чечип берем дегендерге алданбагыла"


Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров аны менен сүрөткө түшүп алып, маселе чечип берем деп элди алдап жүргөндөр бар экенин айтып, андайларга алданбоого чакырды:

"Урматтуу кыргызстандыктар! 6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы деп суранса жок дей албайт экенсиң. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түшүү болду.
Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм. Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат. Ошондуктан бирге түшкөн сүрөт көрсөтүп, маселемди чечип берем дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз", - деп жазды билдирүүсүндө Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter