У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кимге ишенсе болот?


Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров ишенимдүү түрдө жеңди. Эми мыкты команда топтоп, экономиканы көтөрүп, мамлекеттин жүгүн, элдин ишенимин татыктуу аркалоо вазийпасы турат. 

Учурда өлкө терең кризисте. Жапаровдун биринчи милдети – экономиканы, өндүрүштү мыкты түшүнгөн кадрды премьерлик кызматка тез арада алып келиши шарт. Албетте, бул жагы өлкөбүздө жазылбаган эрежеге келип такалат. Президент түндүктөн болгондон кийин, саясий балансты сактоо үчүн премьер-министр түштүктөн дайындалышы парз. Мына ушул жагдайды эске алганда, ким премьер-министр болсо өлкөгө, элге жарыгы тийип, жемиштүү иштеп берет деген суроо туулат. Кимдер ылайыктуу?

Айрым салмактуу делген мыкты чыкмаларга көз салып көрөлү…
Камчыбек Ташиев учурда эң маанилүү тармак болгон УКМКны жетектөөдө. Бул тармакты колдон чыгарууга болбойт. Ташиев бул тармакка келгени коррупция менен күрөштө жакшы натыйжа көрсөтүүдө. Анын үстүнө Ташиев экономика жаатында адис эмес. Арийне, Өкмөт башчылык кызматка татыктуу болгон менен тартып кетиши кыйын.

Өмүрбек Текебаевди алсак, Садыр Жапаров экөөнүн көз карашы дал келбейт. Ырас, Текебаев кыйын саясатчы, бирок жаратмандык жок. Чарбачыл эмес. Экономиканы, өндүрүштү тарта албайт. Негизгиси, Жапаров менен идеялык жактан бирикпейт. 

Адахан Мадумаров мыкты саясатчы, чечен катары элдин ишенимине ээ болгон менен экономиканы көтөрүүгө чамасы чакталуу. Иш жүзүндө чабалдык кылат. Бул каалайбызбы, каалабайбызбы моюн суна турган чындык. Анын үстүнө өзүнөн башканын баарын кем акыл сезген текеберлиги, кимдир бирөө менен тил табышып иштешүүгө мүмкүндүк бербейт… 

Бакыт Төрөбаевге токтоло турган болсок, азыркы таптагы эң ылайыктуу талапкерлердин бири. Экономиканы терең билет. Өндүрүш тармагында тажырыйбасы бар. Саясий жактан бышып жетилип калды. Эң негизгиси баскан жолу, ишмердүүлүгү таза. Бирок, Төрөбаевге  өкмөт башчылыкты ишенип, бербейт болушу керек. Азырынча Бакыт мырзанын чүкөсү оңунан түшпөй тургандай болуп турат. 

Ахматбек Келдибеков экономиканы түшүнгөн, такшалган саясатчы болгон менен эл ишеним артпайт. Коррупция боюнча соттолуп, этеги жаман жеринен айрылган жайы бар. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен мамилеси бузулуп калган. Чогуу бир команда болуп иштеши мүмкүн эмес. 

Мелис Мырзакматовду чарбачыл деген менен коомчулук трайбалист катары билишет.  Бул жагдайды 2020-жылы октябрда да элди-жерди бөлгөн билдирүүлөрү аркылуу айгинеледи. Анын үстүнө Ош шаарында мэр болуп турганда, Ош коогалаңында талкаланган объектилерди калыбына келтирүү үчүн эл аралык донорлордон бөлүнгөн 11 миллиард сомдун 6 миллиард сомунун дайыны чыкпай калганы эле көп кыңыр иштен кабар берип турат.

Улукбек Кочкоровго да ишеним артса болот. Жаш, демилгелүү. Артынан ээрчиген өтө терс пикир жок. Аз убакыт болсо министр болуп, эффективдүү иштеп, элдин оозуна алынды. Өкмөт башчы болсо ишенимди актай алат дегенге толук негиз бар. 

Түштүктүк саясатчылардын ичинен көп жылдан бери мамлекеттик жетекчилик кызматтардын бийик тепкичинен түшпөй келе жаткан Аалы Карашевге дагы оомат келип калышы толук ыктымал. Анын тажрыйбасы жетиштүү, коррупцияга байланыштуу артынан жаман сөз ээрчиген эмес. Ошондуктан, премьер-министрлик кызматка Карашевдин шансы көбүрөөк.

Мындан сырткары, Исхак Масалиев, Улукбек Ормонов, Алтынбек Сулайманов, Улан Примов, Азамат Арапбаев сыяктуу саясатчылар бар. Бирок буларга эдин ишеним артышы кыйын.   
Жапар Акматов
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter