У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


250 миӊ доллар пара талап кылып кармалган Улан Жураев үй камагына чыгарылды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилеринен пара талап кылган деген шек менен кармалган активист жана Улан Жураев үй камагына чыгарылганы айтылууда.  
 
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болгон.  
 
Ал эми дагы бир активист Мелис Аспеков камакта калат. 
 
Эскерте кетсек, активисттер Мелис Аспеков менен Улан Джураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар өздөрүн Садыр Жапаровдун жакын санаалаштары катары көрсөтүп, мамлекеттик ишкананы Финпол тарабынан текшерүү жүргүзүп, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутушкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter