У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канат Садыков, Ж.Б атындагы КУУнун ректору: "Университет багынта турган бийиктиктер алдыда"


    Кыргызстандагы флагман аталып келген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университет тууралуу ар кандай кайчы пикирлер айтылып келет. Миңдеген адистерди уядан учурган окуу жайдагы талаш тартыш маселелер, азыркы абал тууралуу учкай маекке, университеттин ректору Садыков Канат Жалиловичке суроо узатып, төмөнкү жоопторду ала алдык.

- Канат Жалилович алгач окуу жайдагы акыбал тууралуу бир аз токтоло кетсеңиз? 
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери дагы башка окуу жайлардай эле азыркы өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу онлайн түрүндө окууларын улантышууда. Бирок ошол эле учурда онлайн ар кандай тренинг,  конференцияларга катышуу менен коомдук маданий, илимий иш чараларды дагы үзгүлтүккө учураткан жок. Ал эми студенттер  менен онлайн иш алып барууну мугалимдерибиз дагы абдан жакшы өздөштүрүп алышты. Пандемия келгенге чейин эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университет модуль жана сессияларды AVN системасына   алгачкылардан болуп өткөн. Ошондуктан база менен иш алып баруу биздин окуу жай үчүн жеңилге эле турду. Онлайн окутуудан улуу муундагы окутуучуларыбыз үчүн гана бир аз түйшүк болгону болбосо жалпысынан бир калыпта функционалдык милдеттерин кызматкерлер толук аткарып жатат.

- Кечээ жаңы жыл алдында   студенттер онлайн окуп жаткандыгына байланыштуу окуу төлөмдөрүн азайтуу боюнча бир канча , ошол эле учурда айрым саясатчылар дагы кыскартуу керек деген сунуштарын беришти, ушул контракт маселеси боюнча кандай пикирдесиз?
- Абдан туура суроо болду. Чындыгында бул маселе  жыл жаңыраарда эле эмес, жаз айларында карантин башталгандан бери келе жатат. Бул боюнча көптөгөн талаш тартыш маселелер бар. Чындап айтканда студенттердин билдирүүсү боюнча окуу онлайн болгону менен баардык төлөмдөр мурункудай эле тартипте жүрүп жатат. Мисалга алсак, мугалимдер онлайн болгону менен айлык акыларын толук алышууда же ошол эле  коммуналдык төлөмдөр, салыктар толугу менен төлөнүүдө. Бирок өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен студенттердин контракттарын төлөө убактысын узартып бердик. Ал эми контракттарды кыскартуу же көбөйтүү боюнча тарифти окумуштуулар кеңешинин отуруму аркылуу бекитилет. Башкача айтканда бул бир гана жетекчинин чечими деген ойдон алыс болуш керек. Ошол эле окутуучулардын дагы балдары окуйт, контракт төлөйт үй бүлөө багат дегендей, бул маселени бир тараптуу караганга болбойт. 

- Деги эле окуу жайдын айланасында чыр чатак байма-бай катталат. Маселен, айлык маяна  эмне себептен пикир келишпестиктер көп болот?
- Кыргызстандагы эң ири окуу жай болгондуктан, окуу жайда дагы окутуучу, персоналдык кызматкерлердин саны дагы көп. Айрым бир жеке жогорку окуу жайлардын айлык маянасы менен салыштырып, эмне себептен биздин окуу жайдын айлыгы аз деген суроо көп адамдарда туулат. 
 
Негизи мамлекет тарабынан окутуучулар үчүн бюджеттен каражат аябай эле аз төлөнөт, анан ага биз контракттан түшкөн каражаттын эсебинен кошуп беребиз. Ал эми айлык акыларын мындан дагы жогору көтөрүү үчүн мугалимдердин санын  же кайсы бир кызматтарды кыскартуу керек болуп калат. Ал эми кызматтарды же мугалимдердин сааттарды кыскартуу менен кайра эле нааразычылыктар пайда болуп, пикир келишпестиктер болуп келет. Же болбосо окуу жайдагы тамырлашып бара жаткан сүткорлукту жоюуу үчүн кайсы бир жетекчилерди кызматтан алынса же кайсы бир кызматты көздөсө айланасына курал катары кылып бир нече кызматкерди ээрчитип чыр чыгаргандар жок эмес. 

Демек,   бул коллективдин көп болушу менен баарына эле жага берүү кыйын да. Жеке кызыкчылыктары үчүн окуу жайдын атын жаман атка калтырган айрым кесиптештер да жок эмес. Бирок окуу жайдын кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү азыр стабилдүүлүктү каалап, окуу жайда тынчтык болсо, өнүгүү дагы болоорун түшүнүп калышты. Маселен, жетекчиликтин алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн айрым учурда мөөнөтү  дагы аздык кылат. Буга чейин дагы  ректорлорду тез-тез алмаштыруунун натыйжасында окуу жайдын өсүп өнүүсүнө тоскоолдук болуп келген. Бирок азыркы тапта улуттук университеттин абалы бир канча эсе оңолду деп ишенимдүү түрдө айта алам.

- Окуу жайдын абалы тууралуу деле журналисттер анчейин эмес экендигин айтып келишет го?
- Албетте “көч бара бара түзөлөт” дегендей кызматка жаңы киришип жаткан учурда, төртүнчү бийликтин өкүлдөрү  бир топ камчылашты.  Бирок чындык ошондой болчу. Окуу жайдын айрым корпустарынын чатырларын суу агып, дарсканалар өтө начар абалда эле. Азыркы тапта улуттук университеттин баардык корпустарынын чатырлары жазалып, толугу менен ремонт иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле студенттик жатаканалардын абалы дагы өтө начар эле, азыр жатаканалар толугу менен оңдолуп,  эми бөлмөлөрүн оңдоо аракеттерин көрүп жатабыз. 

Негизи эле эскини эптегенче эс оойт деп бекеринен айтылбаса керек, биздин имараттар тээ союздун алгачкы салынган имараттары болгондуктан көптөгөн оңдоп түзөөлөргө муктаж. Алдыда дагы көптөгөн иштерди аткаруу алдында турабыз, андыктан адеп аткарылсын анан айта турган учур келет.  Башкача айтканда биздин жамаат дагы да болсо келечек үчүн, окуу жайды жакшыртуу аракетин жалпы окутуучулар, персоналдык кызматкерлер, жаштар менен биргеликте көрө беребиз. Университеттин кызматкерлери менен биргеликте ынтымактуу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен дагы биз багынта турган бийиктиктер дагы алдыда деп эсептейм.

Жаркынай Кадыркулова
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter