У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров кыргыз журтунун башына акыркы үмүтү болуп келди


Дал ошондой – Садыр Жапаров калыӊ кыргыз элине акыркы үмүт болуп чагылгандай жарк этти! Ошондой жигитти кыргыз журту небактан күтүп жүргөн. Бирок, ал оголе көп күттүрдү!

Илгериден илгери кыргыз эли далай элдин эсебин таап, Каганат болгон абалга жетип, дүйнөнү калчап келген элдин катарында болгонун тарыхчылар жарыя салып келет... Биз билген эки-үч кылым тарыхында кыргыз эли бел түзөй албай көрүнгөн элге кор болуп келгенин да  билебиз... Кокон хандыгынын эзүүсүндө жүрүппүз, анан орустар ныгыра баскан турмуш да өтүптүр... Аки-чүкүсүн айтып не керек, акыры накта эркиндик алдык деген 1991-жыл келип берди. Ошондо дайныбызды таппай кубандык. Эркиндик деген демократия менен кошо келип, анысы “эрежесиз эр уруш” сыяктанган неме экен, андан бери далай ирет “келе бакан, куу сол болдук”, “кимди- ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегени да келип турду... ошентип “ит жыгылыш” абалында жашап келдик... президенттер шайланды, Өкмөт дегениӊ байпактай алмашып турду, бирок, турмуш оӊолбоду, эл күткөн сонун турмуш келбеди, анын ордуна “коммунизмге алып барабыз” деп чогултуп жүргөн дүнүйөнү бөлүп алгандардын “мыйзамы” менен жашап калдык, анан алар алып келген “коррупция” деген жети баштуубу же жетимиш баштуубу, бир жаналгычтын “жемине” айландык! Жалпы элдин шору калыӊ болду! 
           
Ооба, президенттер иштеп турду, Өкмөт иштеп турду. Бирок, алардын иши жалаӊ гана өз керт башына, тууган-туушкандарына...  багышталды, элдин ач-жылаӊач калтырды, жон терисин сыйрып турду?! Ошондой абалда элдин айласы куруду, революцияларды жасап, эл башына бир мыкты адам келет деп үмүттөнүштү, бирок, андай адам келбеди. Эл башына келген неме элдин камын ойломуш этип туруп эле, ошол элди тебелеген абалга өтүп кетип жатты... Эми бул маселе “абракадабрадай” болуп кете берет, кези менен айтыла берет...
            
Анан күндөрдүн бир күнү болуп, баягы эл күткөн жигит, ондогон жылдар самап келген жигит, кудайдан миӊ ирет жалбара, муӊкана сурап келген жигит, ошол кудай бергендей болуп келбедиби! Ал маӊдайы жарык, элдин ырыскысына жаралган   жигит Садыр Жапаров экен! Ал келип эле  эл тилегин аткарганга кызыл өрт болуп, элдин өчүп бараткан тилегин жалындатып жиберди! Анда эмне күч бар экени табышмак болду?..
            
Бирок, эл дегениӊ кыраакы да, ал табышмакты бат эле жандырып тынышты- Садыр Жапаров бар турпатын, бүткүл күч-кубатын, ак ниетин, акылы менен билимин... болгон-толгонунун баарын-баарын элинин мыкты жашоосун алып келгенге арнап, вулкандай жарылыптыр да!
 
Мектепте окуп жүргөндө да, институтта окуганда да, иштей баштаганда да, депутат болгондо да, куугунтукка алынып өлкөдөн чыгып кеткенде да, кайра келип түрмөгө камалганда да... элинин тагдыры жүрөгүнүн толтосунда болуп, элин жакшы турмушка жеткирүүнүн миӊдеген жолдорун ойлоп, ошол оюн миӊ- сан калчап, чечүүчү секирик жасаганга камынып жүргөн тура!
            
Анан эл көтөрүлүп, Садыр түрмөдөн чыгып эле эл башына турду, “анан кетейин, кийин кетейин” деп президенттигин тырышып бербей жаткан Сооронбай Жээнбековдун кете турган жолун көрсөтүп, акырын гана узатып салды! Ошондо калыӊ элдин кубанычында чек жок эле!.. Эл дегениӊ Садырды кудайындай колдоду. Биз билген тарыхта бир адамды калыӊ эл мынчалык масштабда колдогон учурун биле элек, көрө элек болчубуз! Көрсө, элдин тилеги  менен Садырдын тилеги бир жерден тогошуп, жуурулушуп туруп бир бүтүнгө айланган тура! Аны шайлоо айкындап салды!
            
Эми Садырга эч кимибиз акыл айтпайлы, акылы жеткен үчүн бийликти колуна алды, элин мыкты турмушка алып барап акылы да жанында. Андыктан биздин акылдын ага кенедей да кереги жок. Садырга ак жол каалайлы. Элдин үмүт-тилеги, кудай буюрса, аткарылмай болду!
            
Баса, Садырга акыл айтууга бир гана адамдын акысы бар, ал-анын бир тууган агасы Сабыр Жапаров. Сабыр кенедейинен Садырга жөлөк болуп келет... Садыр тарткан бардык кыйынчылыктарды кошо тартышып, а турсун инисинен көп жабыркап келди. Садырдын жеӊиши Сабырдын да жеӊиши! Кут болсун!
            
Баратбай Аракеев
                
            
            


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter