У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таза репутация кантип жаралат?..


30 жыл ичинде өлкөдөгү болгон үч  революция кыргыз саясатчыларын жипке тизген шурудай сынады. Кээ биринин багы ачылып, айрымдарынын анык  жүзү билинип, шерменде  болгондору   да жок эмес. Алыска  барбайлы, 5-6-октябрдагы бийлик алмашууда, кыргыз эли керт башын ойлогон саясатчыларды да, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон азаматтарды да көрдү. Аларга өз баасын берди. Сайрагандын баары булбул эмес, кыйкыргандын баары эле саясатчы эмес экендигине дагы бир ирет ынанды. 
 
Саясатчылар үчүн айткан убадасына туруп, коррупцияга, интригага  аралашпай, өз репутациясын сактап калуу чоң эрдик. Тилекке каршы, көпчүлүгү напсинин, терс кулк-мүнөзүнүн жана туруксуз позициясынын курмандыгы болууда. Алардын айрымдарына токтоло кетели. 

Адахан Мадумаровду коомдо тазалыгы үчүн сыйлагандар арбын. Бирок, анын курулай чечендиги тазалыгын жууп кетип жатат. Себеби, Мадумаров сөзүнөн башка эл үчүн көзгө толорлук иш кыла элек. Анын үстүнө Каркыра боюнча, Баткендеги жерлерге байланыштуу көптөгөн тескери көз караш, ачуу сындар айтылып жүрөт. 

Ошондой эле, Темир Сариев дагы куру популизм менен алектенип жүргөнүн коомчулук жакшы билет. Ал аймактык кызыкчылыкты жогору койгон саясатчы экендиги менен элдин терс пикирин жараткан.  

Мына  ошол эле Өмүрбек Бабановду алалы. Учурда ага карата бир катар кылмыш иштери козголду. Аны албетте тергөө  аныктайт деңизчи. Бирок, коорупцияга  аралашканы өзүнүн саясий  карьерасына терс таасирин тийгизди. 
Мындан тышкары белгилүү саясатчылардын көпчүлүгү өзүнүн карьерасын көбүнчө ушак, бирөөлөрдү каралоо менен баштап, эл арасында аброй топтогон. Бирок, мындайлардын саясий аренадагы өмүрү кыска  экендигин убакыт көрсөтүп жатат. 

Ал эми ошол эле кезде өз аброюн сактап жүргөндөр да жок  эмес. Бирок санай келсен беш манжаӊ жумулбай калат. Бул да болсо саясатчылар үчүн   мезгилдин сыноосунан сынбай өтүү кыйлоо оор экендигин айгинелейт. Мына ошол мезгилдин сыноосунан татыктуу өтүп келе жаткан булганбаган таза саясатчылардын катарын, Садык Шер-Нияз, Садыр Жапаров, Темирбек Асанбеков жана Бакыт Төрөбаев толуктайт десек аша чапкандык болбойт. Өзгөчө Темирбек Асанбеков олуттуу идеялары менен карапайым калктын ишенимин жарата алды десек болот.

Ырасында, булардын саясатка аралашкан дээрлик 10 жылдан ашуун мезгилден бери,  даректерине мамлекетти ичип-жеп тоноду, элге-жерге кыянаттык кылып коррупциялык схемаларды түзгөн деген сыяктуу бир дагы жаман сөз айтылган жок. Мындай жагдай саясаттагы эӊ бир сейрек кездеше турган бийик баа. Демек, булардын артыкчылыгы – тазалыгында. Башкача айтканда, элдин ырыскысына кол салды, мамлекетке кыянаттык кылды деген жоруктардан өзүн оолак кармаган мамлекетчил позициялары, кызматка жулунбагандыгы, өзүнүн кызыкчылыгын ойлобогондугу менен өзгөлөрдөн кескин айырмалана алган тазалыгы, саясаттагы салмактарын арттырып турат.   

Арийне, эмгек үзүрүнүн акыбетин, жемишин кечирээк тата турган таза жолду, таза ишмердүүлүктү ар ким эле тандай албайт. Ага саясий бекем эрк, мамлекеттин, элдин ырыскысына кол салбаган тазалык керек. Мындай сапаттагы саясатчыга элибиз аба-суудай муктаж. 

Эсенгелди Акматов
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter