У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Матраимовдордун адвокаты Свердлов райондук сотунун судьясы болуп дайындалды


Сотторду тандоо кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, 9 талапкер боюнча судьяларды дайындоо боюнча Бишкек, Нарын жана Ысык-Көл облустук сотторунун айрым райондук сотторуна сунуштарды берди.
 
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
 
Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
 
 — Бишкек шаары
 
Октябрь райондук сотуна:
 
Жарматова Айдай Жарматовна;
 
Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.
 
 
 
Свердлов райондук сотуна:
 
Абыкеев Таалайбек Капарович;
 
Байдаева Лейла Алиевна;
 
Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич.
 
 
 
Ленин райондук сотуна:
 
Өмүралиев Мелис Асанбекович;
 
Тентимишов Марлен Бактыгулович.
 
 
 
 — Ысык-Көл облусу:
 
Ысык-Көл облустук сотуна;
 
Мырзаканова Бермет Низамидиновна.
 
 
 
— Нарын облусу:
 
Нарын облустук сотуна:
 
Алыбаев Замир Эрнисбекович.
 
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
 
Эске салсак, Лейла Байдаева Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын үч ЖМКга каршы сот ишинде коргогон.
 
Белгилей кетсек, КР Президентинин милдетин аткаруучунун Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордуна шайлоо үчүн 1 талапкер боюнча тийиштүү сунуштама-каты Жогорку Кеңешке жиберилди.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter