У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ташиев Аида Касымалиеваны уят жок деп жазды…

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев коронавируска карата жөнөкөй жарандар больницада врачтардын көзөмөлүндө жатса, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын үйүндө карантинде жатканына кыжырданды. 
 
Анткени, Касымалиева жакында эле коронавирус катуу күчөп жаткан Германиядан иш сапарынан келген. 
 
Бул боюнча Ташиев: «Эмне үчүн сиз үйүңүздө жатасыз. Жөнөкөй жарандар болсо врачтардын көзөмөлүндө карантинде жатат. Сиз кызматтык абалыңыздан пайдаланып үйүңүздө жатасыз, уятсыз», - деп өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter