У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги кара түтүн ЖЭБге сапатсыз көмүр жагуудан улам пайда болууда


 
Бишкектин Жылуулук электр борборуна алынып келген көмүр сапатсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев билдирди. 
 
 Анын айтымында, ЖЭБге берилип жаткан көмүр сапаты жагынан өткөн жылга салыштырмалуу төмөн. Көмүр Кара-Кечеден алынып келинет.
 
«20 компаниянын, анын ичинде «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын консорциумунда көмүргө күлдүн көлөмү көбөйтүлүп берилет, бул үчүн биз айып пул төлөп жатабыз. Салыштыруу үчүн, өткөн жылы 14 миллион сомго айып санкциялары жыл бою колдонулган. Быйыл, алгачкы үч айда 60 миллион сомдон ашык каражат бар. Биз жеткирүүчүлөр менен иштеп жатабыз. Ошондой эле, тиешелүү органдар бизди көзөмөлдөшөт. Биз бул менен колубуздан келишинче күрөшүп жатабыз, бирок көмүрдүн сапаты төмөндөдү», - деди ал.
 
УКМКнын өкүлү ЖЭБди көмүр менен камсыздоо боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.
 
«Учурда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына көмүр жеткирүү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөрдүн тобу бар, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн биз алардын аты-жөнүн айта албайбыз. Шектүүлөрдүн  арасында конкреттүү чиновниктер бар», -деп билдирди УКМКнын өкүлү.
 
Ал Воропаев шектүүлөрдүн катарында жок экендигин белгиледи.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter