У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрбек Суваналиев: «Жапаровдун тарапташымын деп элди коркутуп-үркүткөндөрдү жоопко тартыш керек»


Бул тууралуу Өмүрбек Суваналиев Азаттыктын «Эки бир» форматындагы берүүсүндө суроого жооп берип жатып билдирди. 
 
«Бизде бийлик барбы же жокпу? Ким көрүнгөн эле кыйкырып, элди коркутуп-үркүтө береби? Садыр Жапаровдун тарапташымын дегендердин баарын жоопко тартыш керек. «Өзүӊдү эр ойлосоӊ, өзгөнү шер ойло»,-дейт кыргызда. Кыргыздар эч качан криминалдан коркон эмес. Ошол үчүн элди коркутпаш керек»,-деди ал.  
 
Ошондой эле Суваналиев биздин эӊ чоӊ жетишкендигибиз эркиндигибиз экенин, өлкө мыйзам талаасына түшүп, бийликтин тарапташымын деп кыйкырып жаткандарды жоопкерчиликке тартуу зарыл экенин кошумчалады. 
 
«Журналисттерге тийишкенди токтотуш керек. Мамлекет журналисттерди коргошу зарыл. Себеби бийлик өз жарандарынын коопсуздугун камсыздашы керек да, а журналист ошол өлкөнүн жараны да»,-деди ал. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter