У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Равшан Сабиров: «5G уюлдук байланышты жайылтуу керек»


 Бул тууралуу вице-премьер-министри Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди. 
 
«Телекоммуникациялык технологиялар экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болуп саналат жана байланыш операторлорунун кызматтарынын сапаттуу өнүгүшү телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын жогорулашынын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш жарандардын да, жалпы өлкөнүн да жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз тармактын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт», - деди вице-премьер-министр.
 
Равшанбек Сабиров белгилегендей, бүгүнкү күндө телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын өсүшү радиожыштык ресурстарын керектөөнүн көбөйүшүнөн байкалат жана өз кезегинде анын тартыштыгына алып келет. Бул ресурсту туура жана рационалдуу пайдалануу менен гана телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө жетише алабыз. 
 
«Бүгүнкү күндө радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялары бар компаниялар келишимдик негизде үчүнчү юридикалык жактарга берүү практикасын жүзөгө ашырып келүүдө, ошол эле учурда алар өзүлөрүнүн тармактарын өнүктүрбөй, чектелген ресурсту гана «карманып» жүргөнү эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан бардык операторлорду радиожыштык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда.
 
Ошондуктан бардык байланыш операторлорун радиожыштык ресурсун белгиленген стандарттарга ылайык натыйжалуу пайдаланууга чакырам», - деди вице-премьер-министр.
 
Өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун (интерконнект) ортосундагы туташуу үчүн тарифтик ставканы төмөндөтүү ырааттуулугу аныкталгандыгы белгиленди. 3,5 сом болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөйт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter