У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Данияр Конокбаев «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

 
 Данияр Конокбаев кечээ, 20-октябрда «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Элмырза Укубаев кол койду. 
Данияр Конокбаев финансы-экономикалык блокту жетектейт. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 
 
"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Э. Укубаев Данияр Конокбаевди коллектив менен тааныштырып жатып; «Данияр Конокбаевге чоӊ жоопкерчилик жүктөлдү. Бул деген- республиканын бюджеттик бөлүгүн "Кыргызалтын" ишканасынан түшүүчү кирешелерди оптимизациялаштыруу жолу менен инвистицияларды жана салык кирешелерди жогорулатуу. Мен ишенем, Данияр өзүнө берилген жоопкерчиликти толугу менен аткарат», - деди ал.
 
Билими жогорку. 2008-жылы Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин «Радио байланыш жана телекөрсөтүү» адистиги боюнча аяктаган, 2010-жылы Разаков атындагы КМТУнун Башкаруу жана бизнес институтун «Экономика жана ишканалардагы башкаруу» (тармактар боюнча) адистиги боюнча аяктаган.
 
Эмгек жолу:
 
2008-2009-жж. – «Integra Plus» ЖЧК (Sky Mobile), технологиялык жабдууларды монтаждоочу;
 
2011-2012-жж. – Бишкек шаардык мэриянын Октябрь райондук администрациясы, экономика, соода жана кызмат көрсөтүү бөлүмү, башкы адис;
 
2012-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттик, турак жай курулушу жана ипотекалык насыялоо бөлүмү,  башкы адис;
 
2014-2016-жж. – «Альфа Телеком» ЖАК (Megacom – соода маркасы), сатып алуу бөлүмү, эксперт;
 
2016-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана насыялык саясат бөлүмү, эксперт;
 
2019-2020-жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана кредит саясаты бөлүмү, башчынын орун басары
 
2020-жылдын июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана кредит саясаты бөлүм башчысы
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter