У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Кумтөрдө» дагы 300 тонна алтындын запасы бар


 «Центерра Голд Инк» компаниясы ушул жылдын 9 айындагы алтын өндүрүмдөрүнүн көлөмү тууралуу маалыматын жарыялады. 
 
Маалыматка ылайык, 2020-жылы 9 айда эле Кумтөрдөн 14,5 тонна алтын казып алган. Бул 465 миӊ 734 унций алтын казылып алынганын билдирет. Компания Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 451.6 миң унция алтын чыгарылган эле. Дүйнөлүк базарда 1 унций алтындын баасы 1900 долларды түзүп жатканын эске алсак, «Центерра Голд Инк» 9 айда казылган 465 миң 734 унций алтынды 885 млн долларга сата алат. «Кумтөр» казынага салык катары жана башка милдеттүү төлөмдөр үчүн 10.2 млрд сом төккөнү айтылган. 
 
Талдоочу Айданбек Акматов «Центерра Голд Инк» компаниясы мамлекетке 14 пайыз гана салык төгөрүн, бул маселе сүйлөшүүлөр аркылуу кайрадан каралышы керектигин билдирди.
 
— «Центерра Голд Инк» 9 айда казылган 465 миң 734 унций алтынды 885 млн долларга сатты. Мында өндүрүштүк чыгымдарын эсептесек, «Кумтөрдө» 1 унций алтынды казып алуу үчүн мамлекетке төккөн салыктарды кошо эсептегенде 553 доллар каражат сарптайт. Демек, «Центерранын» 14,5 тонна алтынды казып алуу үчүн кетирген чыгымы 257 млн 550 миң доллар болот. Мына ошондо компаниянын өздүк таза кирешеси 627 млн АКШ долларын түзөт. Муну улуттук валютага айландырганда 53 млрд 324 млн сом. Азыр биринчи кезекте кыргыз мамлекети бул ашкере кирешеден тийиштүү үлүшүн алышы керек. Андан кийин, «Кумтөрдүн» жана башка кендердин тагдырын кароого киришүү керек. Бул кендердин бардыгы коррупциялык жолдор менен берилген. Мындай учурда келишимдерди кайра карап чыгууга эл аралык коомчулук да жок дебейт.
 
Акматов Кыргызстан СССРдин курамында турган маалда геологдордор жүргүзгөн чалгындоого таянып, күмүш, жез металлдарын кошпогондо, «Кумтөрдө» 716 тонна алтын бар экенин, учурда анын 400 тоннага жакыны гана казылып алынганын, дагы 300 тоннадан кем эмес алтын турганын маалымдады.  Мындан улам өлкөнүн казынасындагы тартыштык 40 миллиард сомго жеткен маалда тилемчилик саясатты токтотуп, «Кумтөрдүн» пайдасын өлкөгө кайтаруу зарылдыгын белгилейт.
 
— Канадалык компания ири кирешелерди алып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандын экономикасы кандай абалда турганы белгилүү. Пенсия, жөлөк пулдарды бере албай жатат. Кошуналарга барып кайырчыдай болуп акча сурап жүрөт. Мындай учурда колубузда турган байлыкка өзүбүз ээ боло албай жатканыбыз өкүнүчтүү!
 
Акматов башында Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» үлүшү 67 пайыз, «Центерраныкы» 23 пайыз болуп турганын, 2003-жылы өлкөнү Аскар Акаев, өкмөттү Николай Танаев жетектеп турган учурда Кыргызстандын үлүшү 23 пайызга түшүп кеткенин кошумчалады.
 
Булак: maralfm.kg


Пикир калтыруу
  • Efhtcl
  • 27-11-2022, 16:25
  • : 16:25
    • Нравится
    • 0
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter