У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Жаңы» Конституция талкууга коюлду. Эмнелер өзгөрүшү мүмкүн?


"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны Жогорку Кеңештин 80 депутаты сунуштап жатат.

Ошондой эле депутаттар Конституцияны өзгөртүү үчүн референдумду президенттик шайлоо күнү – 2021-жылдын 10 январында өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Эмнелерди өзгөртүү сунушталууда? (Негиздеме-маалымкат):

Конституциялык реформанын зарылчылыгы көптөгөн факторлор, анын ичинде колдонуудагы Конституциянын жоболорунда орун алган карама-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталган. Көрсөтүлгөн жагдайлар экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө реалдуу жылыштарды камсыз кылбайт, бул коом жана Кыргыз Республикасынын жарандары тараптан негиздүү сын-пикирди жаратат.

Элдин талаптарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алуу сунушталат, анын жоболору менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары – Конституция) жаңы редакцияда берүү сунушталат.

Иш жүзүндө колдонулгандыгын көрсөткөн конституциялык ченемдердин кыйла бөлүгүнүн укуктук багытын сактоо менен жаңы редакциядагы Конституциянын долбоорунун негизги новеллалары менен жарандардын бардык укуктарынын жана эркиндиктеринин багыттары боюнча топтоо жана тактоо, Элдик курултай институтун киргизүү, өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөө менен президенттин жана өкмөттүн институттарын кайра форматтоо, парламент институтунун сан жагынан курамын тактоо жана башкы мыйзамдык жаңычылдыктар сунушталат.

Алсак, мыйзам долбоору менен Элдик курултай (Конституциянын 7-беренеси)формасында элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу органын орнотуу сунушталат.
Элдик курултай өз ишин президент, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдаржергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.

Элдик курултайга өзүнүн ыйгарым укуктарынын арасында Элдик курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчетторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет.
Элдик курултайды түзүүнүн, ошондой эле уюштуруунун жана ишинин тартибин Конституция жана конституциялык мыйзам менен жөнгө салуу сунушталат.
Мыйзам долбоору менен адамдын бардык укуктарын жана эркиндиктерин төмөнкү багыттар боюнча: жеке укуктары жана эркиндиктерисаясий укуктары, экономикалык жана социалдык укуктарыадамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктериадамдын укуктары жана милдеттери жаңылап топтоо каралат.
Элдик массалардын талаптарын эске алуу менен олуттуу кайра каралууга Конституциянын «Мамлекеттик бийликтин органдары» деген III бөлүмү дуушар болду.

Алсак, «Президент» деген I главасындагы президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн президенттин институту өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ал мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана 5 жылга шайланат, бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес.
Өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөө менен президенттик жана өкмөттүк институтту кайра түзүү президент өкмөттүн башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын дайындоосун карайт. Бул дайындоолор Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.

Президент өзүнүн демилгеси же Элдик курултайдын сунушу боюнча министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын бошотууга укуктуу, ал аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошото алат.
Президентке мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүүгө жана өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө ар жылдык элге кайрылуу жасоого укук берилет.
2020-жылдагы октябрь окуяларынын сабактарын эске алуу менен президент Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда анын ыйгарым укуктарын жаңы президент дайындалганга чейин өкмөт башчысы аткарат.
Президенттин ыйгарым укуктарын өкмөттүн башчысы аткаруу мүмкүн болбогон учурда президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы жүргүзөт.

Элдик массанын талаптарын, президенттин жана өкмөттүн институттарын кайра форматтоону эске алуу менен Конституциянын Жогорку Кеңешке тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык 5 жылга шайлануучу 90 депутатты шайлоого сунуш киргизилгенМында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мажоритардык же пропорционалдык система боюнча (партиялык тизме боюнча) шайланган депутаттардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мамлекет башчысы тарабынан өкмөттү түзүүнү парламенттин макулдугу менен жүргүзүү каралат. Жогорку Кеңеш президенттин ар жылдык кайрылууларын жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угат.
Парламентке Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен каралган башка ыйгарым укуктар да берилет.
Мыйзам чыгаруу ишинин практикасын эске алуу менен мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринин санын, аларга президентти жана өкмөт башчысын, алардын карамагындагы маселелер боюнча Конституциялык жана Жогорку сотторду кошуу менен кеңейтүү сунушталат.
Президенттин жана өкмөттүн конституциялык статусун өзгөртүү Конституциянын «Аткаруу бийлиги» III главасынын жоболорун өзгөртүү зарылдыгына алып келет.
Мамлекет башчысынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин президент жана ага баш ийген Кыргыз Республикасынын өкмөтү жүргүзөрүн билдирет.
Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, өкмөткө жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, өкмөттүн жана ага баш ийген органдардын актыларын алып салат, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын кызмат орундарынан четтетет.
Өкмөт өкмөт башчысынан, анын орун басарларынан, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турары белгиленүүдө.
Өкмөттүн түзүмү жана курамы президент тарабынан аныкталат.
Президент өкмөттүн жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу.
Ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринин санын оптималдаштыруу үчүн өкмөттүн иши президенттин администрациясы тарабынан камсыз кылынары каралат.

Конституциялык контролдоо (көзөмөлдөө) түзүмдөрүн түзүүнүн жана иштөөсүнүн дүйнөлүк практикасын жана Венеция комиссиясынын 2020-жылдагы Конституциялык сотту өз алдынча орган катары сактоо жөнүндө сунуштарын эске алып, Конституциялык палатаны Жогорку соттун курамынан чыгарып, аны Конституцияда жана конституциялык мыйзамда аныкталган компетенциясы менен Конституциялык сотко түзүү сунушталат. Мында Конституциялык соттун ыйгарым укуктарына кошумча төмөнкүлөр таандык кылынат: президенттин, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун суроо-талабы боюнча Конституцияны кароо жана расмий чечмелөө, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү, ошондой эле президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө корутунду берүү.

Ошол эле учурда конкреттүү иште колдонулуучу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууларга доолор, соттук коргоонун бардык ички мамлекеттик каражаттары колдонулуп бүтсө Конституциялык сот тарабынан кабыл алынышы сунушталат.
Соттордун жетекчилигин түзүүнүн жана ишмердүүлүгүнүн дүйнөлүк практикасын эске алуу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары курагынын чегине жеткенге чейин дайындалышы сунушталат. Мында аталган соттордун судьяларынын ичинен президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен ушул соттордун төрагасын жана төраганын орун басарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.
Жергиликтүү сотторго карата дайындоонун да ушундай тартиби сунушталат, анда жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Президент Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча жергиликтүү соттордун төрагаларын жана анын орун басарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

Конституциянын жаңы редакциясы менен киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин тактоо сунушталат, мында андай түзөтүүлөр президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн же 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча кабыл алынат.
Мыйзам долбоорунун 2-6-беренелери менен белгиленген тартипте кабыл алынган мыйзамга кол коюу жана күчүнө кирүү тартиби каралат жана жаңы шайланган мамлекет башчысына, өкмөткө ыйгарым укуктарын көрсөтүү менен колдонулуучу өткөөл жоболор каралат.
Ошондой эле өткөөл жоболор менен ушул мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык шайлануучу органдар шайланганга жана бардык деңгээлдердеги кызмат адамдары дайындалганга чейин шайлануучу жана дайындалуучу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланганга, түзүлгөнгө жана дайындалганга чейин жүзөгө ашырышат.
Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык жана бул Конституцияга ылайык түзүлгөн мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Конституцияга ылайык Конституциялык сот түзүлгөнгө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сакташат.
Жогорку соттун судьялары өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланган бардык мөөнөткө, ал эми жергиликтүү соттордун иштеп жаткан судьялары өз ыйгарым укуктарын алар дайындалган бардык мөөнөткө сакташат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter