У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаев: "Мен баарын көтөрөм. Мени камакта калтыргыла, мени сатпаганы үчүн отургандарды коё берип койгула"


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча өткөрүлгөн соттук отурумда төмөндөгүлөрдү билдиргенин анын жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты:

Анын айтымында, Кой-Таш окуясы боюнча Канат Сагынбаев менен Фарид Ниязов күнөөсүз отурушат.

"Чындык эртели-кеч жеңет. Үсөнбек Ниязовду ким өлтүргөнү чыгат. Ошол эле качып кеткен Опумбаев, Жунушалиевдин сөздөрү чыгат. Мен отура берем. Жанымдагы Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду коё берип койгула. Чындыкка мен да кызыкдармын, Кой-Таш окуясы боюнча да, Батукаев иши боюнча да. Балдар мени сатпаганы үчүн отурушат. Менин сотко бир өтүнүчүм бар - мени камакта калтыргыла, ансыз деле колонияда мага 11 жыл беришти, бирок алар мага каршы бир дагы көрсөтмө беришкен жок. Убакыт баарын далилдейт. Мен билем, чындык баары бир жеңет. Мен баарын көтөрөм. Үй камагында отургандар үй камагында калууга тийиш. Ал эми азыр камакта жаткандар бошотулушу керек ", - деп билдирди Атамбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter